Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын шайлоочуларынын каалоосу менен гана тапшырарын айтты. Ал "Азаттыкка" берген маегинде бир адамдан буйрук болсо, мандатын тапшырып бере салчулардан эместигин белгиледи.
"Менин мандатымды талаша турган 24 миң 300 шайлоочум бар. Ошолор гана "мандатыңды тапшыр" деши мүмкүн, башка эч ким айта албайт. Ошолор кол коюп, "тапшыр" дешсе, мен ага даярмын. Бирөө "тапшыр" десе эле кетип кала турган адам эмесмин. Анан коркутса эле коркуп кала турган адам да эмесмин. Биз Ташиевдер ушундай духу бар адамдарбыз, элибизге акыркы күнүбүзгө чейин кызмат кылабыз",- деди эл өкүлү.