Кечээ, 16-февралда Агартуу министрлиги менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, кол коюу аземине агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков катышты.
"Меморандум алкагында 40 айыл аймагында жеке бала бакчаларды түзүү жана кеңейтүү пландалууда. Жалпысынан 500дөн кем эмес баланы камтууну көздөйт. Өзгөчө көңүл мектепке чейинки билим берүү тармагында иштеген аял-ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө бурулат. Мындан тышкары, сапаттуу жана коопсуз билим берүү процесси үчүн климаттык технологияларды колдонуу менен энергияны үнөмдөөчү класстагы "В" сертификатына ээ 10дон кем эмес муниципалдык бала бакча куруу пландалган",- деп белгиленген маалыматта.