Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндө Тико үлгүсүндөгү жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт унаанын ичинен чыккан. Учурда өрттүн келип чыгуу себебин аныкташууда.