Чүйдүн Шабдан айылынын айдоо аянтынан бир ак куу уча албай жүргөн абалда табылып, "Бугу-Эне" жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 17-февралда Жаратылыш министрлиги билдирет.
Кабарга ылайык, канаттуу кечээ, 16-февралда жергиликтүү тургандар тарабынан табылып, сейил бактын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Аталган жагдай боюнча тиешелүү акт түзүлдү. Учурда борбордун адистери тарабынан ветеринардык кароо жүргүзүлүп, реабилитациялык жардам көрсөтүлүүдө.