Жашы жете элек кызына унаа башкарткан ата-энеге айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарга тараган жаш кыздын унаа башкарган видеосу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, унааны жашы жете элек өспүрүм кыз башкаргандыгы аныкталган.
"Анын ата-энеси табылып, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 184-беренесине ылайык, 15 миң сом айып пул салынды. Жашы жете элек өспүрүмдөргө унааны башкарууга уруксат берилбеши керек",- деп билдирди башкармалык.