Биз социалдык тармакта

Өлкөдө жүзүмчүлүк жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө

Өлкөдө жүзүмчүлүк жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Бул тууралуу 17-февралда Суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгына ылайык, жүзүмзарлардын жалпы аянты 2870 гектарды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 225 гектарга же 8,5 пайызга көбөйдү. Жалпы түшүм 5990,1 тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 1 пайызга өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 20,5 центнерди түздү.
Тармакты колдоо максатында 2025-жылдын январь-май айларында Сербиядан алынып келинген жүзүм көчөттөрү карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлүп, сорттор тандалып алынды. Ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагында кооперативдер Аватар жана Кишмиш сортторунун көчөттөрүн өстүрүп жатышат.
Мындан тышкары, агрардык тармакта санариптик кызматтарды өнүктүрүү үчүн Агропортал иштеп жатат. Платформа аркылуу дыйкандар мамлекеттик кызматтарды онлайн алып, тармактагы маалыматтар менен тааныша алышат. Учурда анда тарифтик квоталар, асыл тукум чарбаларды каттоо, балык уулоого билет алуу, биологиялык коргоо жана агрохимиялык кызматтар сыяктуу бир катар сервистер жеткиликтүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан