Интернет желесинде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткендиги боюнча маалымат тарап жатат. Ал эми президенттик администрация бул маалыматты төгүндөп, экинчи борбордун башчысы өз кызматында экендигин билдирди.
Бүгүн, 17-февралда Токторбаев министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге шаардагы аткарылып жаткан иштерди көрсөтүп жүрөт. Мэриянын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков да мэр тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин маалымдады.