Чатыр-Көл кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбор куруу долбоорунун алкагында эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу 17-февралда Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин жаңы маданий борбордун эскиздик долбоору иштелип чыгып, долбоорлоо иштери улантылууда.
Учурда объекттин айланасына тосмолор орнотулуп, имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.