Жалал-Абад облусунда акча алмаштыруучу эки жайга айып пул салынды. Бул тууралуу 17-февралда Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамдардын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.