Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев "Азаттыкка" курган маегинде Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге карата коомчулукта туура эмес түшүнүктөр пайда болуп калганын айтты.
"Ал өзү бизнесмен болуп жүргөн, ак көңүл, атасындай болгон эле бала. Аны бардыгы эле гигант кылып көрсөтүп жатышат. Өзүңүз деле отуруп сүйлөшүп көрсөңүз, "сиз жакшынакай эле бала турбайсызбы" дейсиз",- деди эл өкүлү.