Эртең, 18-февралда өлкө аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылат.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3... +8, күндүз +16... +21;
- Талас жергесинде түнкүсүн +2... +7, күндүз +13... +18;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +8, күндүз +16... +21;
- Нарын аймагында түнкүсүн -4... -9, күндүз +2.. +7;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4... +1, күндүз +7... +12;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +6... +8, күндүз +19... +21 градус.