Биз социалдык тармакта

Кыргыз футболун өнүктүргөндөрдүн бири Георгий Шевченко 85 жашында дүйнө салды

СССРдин спорт чебери, Кыргыз футболунун ардагери Георгий Шевченко 85 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Кыргыз футбол биримдиги билдирип, анын жакындарына көңүл айтты.
"Георгий Алексеевич ата-мекендик футбол тарыхына, анын гүлдөп-өнүккөн доорундагы легендарлуу "Алга" командасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары кирген. Ал 1965-1971-жылдары клубдун курамында, клубдун алтын доорунда ойногон. Коргоочу позициясында ойногон Георгий Шевченконун стратегиялык ой жүгүртүүсү, чабуул өнүгүшүн бир нече кадам алдыга эсептей билүүсү, топту так жана катаал тартып алуусу менен айырмаланган. Спорттук карьерасы жыйынтыктагандан кийин да ал 70 жашка чейин Кыргызстандын ардагерлер курама командасында ойноп, Алматы жана Москва шаарларындагы беттештерде өлкөгө татыктуу өкүлдүк кылган",- деп белгиленген маалыматта.
SUPER.KG порталы да футболчунун жакындарына жана санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан