Биз социалдык тармакта

Ала-Арча паркында эки тоонун ортосуна айнектен асма көпүрө курулат

Бүгүн, 18-февралда Ала-Арча жаратылыш паркына курулган асма жолдун ачылышында президенттин иш башкаруусучу Каныбек Туманбаев журналисттерге айнектен асма көпүрө салына турганын билдирди.

Анын айтымында, айнек асма көпүрөнүн курулушун 18-апрелде баштоо пландалууда. Өзү да кайсы тоолордун ортосуна жайгашарын көрсөтүп берген.

"Бул мамлекеттибизде эң чоң көпүрөлөрдүн бири болот. Бул дагы туристтерди тартуунун эң жакшы жолу болот",- деди Туманбаев.

Президенттин иш башкаруучусу ошондой эле май айынан баштап родельбан ишке берилерин кошумчалады.

Видео: Sputnik Кыргызстан.

Ала-Арча паркында эки тоонун ортосуна асма көпүрө курулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан