Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө боюнча 2026-жылга карата битир-садаканын баасын бекитти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, битир-садака ар бир жан башына буудай, ун жана мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай баасынын өлчөмү ыктыярдуу түрдө берилет.
"Баалардын туруксуздугуна байланыштуу бир-садака берген учурда 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл буруу зарыл" деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, бул жылы Орозо айы 19-февралда башталат. Өлкөдөгү ооз бекитүү жана ооз ачуу убактыларын шилтемеден көрө аласыздар. Ал эми Орозодо эмнелерге уруксат берилип, эмнелерге тыюу салынганы тууралуу макаланы бул жактан окуй аласыз.