Бишкектен жоголгон 17 жаштагы Айлун Аккийизова Каракол шаарынан табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жоголгон кыз 18-февралда Каракол шаарында жүргөн кезде табылган.
Белгилей кетсек, Айлун Аккийизова 16-февралдан бери дайынсыз болуп, ага издөө жарыяланган.