Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зекеттин өлчөмдөрүн бекитти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Муфтият бир жылдык мөөнөт менен зекет берүүнүн шарияттагы жана учурдагы дүйнөлүк тажрыйбадагы тартиптерин карап чыгып, төмөнкүдөй чечим кылат:
1. Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй, зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.
2. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир кырктан бир бөлүгү, башкача айтканда 2,5 пайызы берилет.
3. Зекеттин өлчөмү алтын эсебинде 20 (мыскалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм алтындын орточо баасы 8500 сом. Жыйынтыгында: 85 грамм алтынды (585-проба менен) 8500 сомдон эсептегенде 722 500 сом болуп, анын кырктан бири 18,062 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 8261 доллар болуп, анын кырктан бири 206 доллар).
Эскертүү: Бул эсеп ушул күндөгү алтын баасына карап берилди. Баалар инфляцияга байланыштуу өсүп же азайып турат. Ошондуктан ким зекет бере турган болсо, ошол учурдагы базар баасы менен эсептеп чыгарышы керек.
Мал жандыктарынын зекети төмөндөгүчө берилет:
Эскертүү: Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.
Муфтият эскерткендей, күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерден (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк жана башка) зекет берилбейт.