2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура
маалымдады.
Ага ылайык, мыйзамсыз текшерүүлөргө, кысымга жана кызмат адамдарынын негизсиз кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
Ал эми Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоону камсыздайт. Эгерде мораторий бузулса же мыйзамсыз талаптар коюлса прокуратурага кайрылууга болот.