Биз социалдык тармакта

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу 19-февралда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган ГЭСти модернизациялоо долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери жигердүү фазасына өтүүдө. Долбоордун башкы аткаруучусу China National Electric Engineering Company, 2026-жылдын 1-февралына чейин демонтаж иштерине толук даярдыктар көрүлгөн. Иштерди жүргүзүү үчүн 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды. Иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, күн сайын саат 7:30дан 21:00гө чейин тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Долбоор ийгиликтүү аяктагандан кийин станциянын өндүрүш кубаттуулугу жана энергетикалык коопсуздук көрсөткүчтөрү жогорулайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан