Биз социалдык тармакта

Баткенде өспүрүмгө унаа айдаткан жаран аныкталды (видео)

Баткен шаарында өспүрүмгө унаа айдаткан жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын ээси өспүрүмгө унааны башкарууга берип, ошондой эле унаага мыйзамсыз атайын жарык чыгаруучу каражат орнотуп алгандыгы тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Натыйжада жол тескөөчүлөр тарабынан аталган автоунаа аныкталып, айып короого киргизилди. Айдоочуга 20 миң 500 сом өлчөмүндө айып протоколу түзүлдү.

Мекеме айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Баткенде жашы жете элек өспүрүмгө унаа айдаткан жаран аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан