Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге журналисттер тарабынан мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевдин таңкы кыдыруу иштерин улантуу боюнча суроолор берилди.
Акаев "эртең менен чуркайсызбы?" деген соболго, так убада берүүдөн карманды. Тагыраагы, ал: "Эми ар кайсы жетекчинин өзүнүн иштөө ыкмасы болот да. Ошондуктан, аны алдыда көрө жатарбыз. Азыр силерге эртең менен чыкпайм деп коюп, анан эртең көчөдө жүрсөм, анда кечээ туура эмес маалымат берип коюптур деп айтасыздар",- деди мэр.