
Бүгүн, 19-февралда саат 15:19да Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Институттун алдын ала маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, күчү болжол менен 5 баллды түзгөн. Ал Эчкили-Таш айылынан 95 чакырым чыгышта, Кең-Суу айылынан 100 чакырым чыгышта жана Каракол шаарынан 173 чакырым түштүк-чыгышта орун алган.
Ал эми Кыргызстандын калктуу конуштарында Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилди.