
Жарандык паспортту алмаштыруу эми Түндүк аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу 19-февралда Кызмат мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдан берки үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту алмаштыруу боюнча арызды Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот. Даярдоо мөөнөтү 18 жумуш күнү. Арыз төмөнкү учурларда берилет:
- колдонуу мөөнөтү бүткөндө
- жеке маалыматтар өзгөргөндө
- документ жараксыз болгондо
- паспорт жоголгондо
Фамилия, аты-жөнүнүн латынча жазылышын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү да бар.
- Атасынын аты боюнча:
- жалпы жарандык паспортто — жарандын каалоосу менен
- ID-картада — милдеттүү (эгер бар болсо)
Сүрөт ИКАО стандарттарына ылайык болушу керек: ак фондо, 35×45 мм, нейтралдуу жүз, 6 айдан ашпаган.
- телефондон жүктөөгө
- тиркемеде тартууга
- КТБдан штрих-код аркылуу жүктөөгө болот (КТБда акысыз)
Ошондой эле иштеп жаткан электрондук булуттуу кол тамга керек (аны Түндүк тиркемесиндеги Жеке кабинеттен текшерүүгө болот).