Бүгүн, 19-февралда Самат Эркинбеков Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини дирекциянын жамаатына спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков тааныштырды.
“Самат Эркинбеков 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалып, бүгүндөн тартып кызматтык милдеттерин расмий түрдө аткарууга киришти”, - деп жазылат маалыматта.