
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көлдөгү көп балалуу кызматкерлерине азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Көмөктү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын, райондук бөлүмдөрүнүн, өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн, токой кызматы жана республикалык атайын тоодон куткаруу кызматынын көп балалуу кызматкерлери алышты.
Иш-чарага министрдин орун басары Акылбек Мазарипов катышты.
Белгилей кетсек, ӨКМ жыл сайын Орозо жана Курман айт майрамдарында министрликтин көп балалуу кызматкерлерине жардам көрсөтүп келет.