Бишкекте күркөнүн сатуучусун муунтуп, андан акча талап кылган жигит кармалды

Бишкек шаарынын тургуну С.Гүласан  арыз менен  милицияга кайрылган. Ал арызында 2014-жылдын 12-январында болжол менен саат 00:30дар чамасында Малдыбаев көчөсүндөгү соода күркөсүнө азиат улутундагы, болжол менен 22-25 чамасындагы 2 жигит  кирип, муунтуп, кассадан 5 000 сомун алып кетишкендигин жазган.

Жүргүзүлгөн "Беспризорник" рейдинин учурунда Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан  кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарчасынын тургуну Т.Нурсеит  кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан