Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз өрөөнүндө тоо байчечекейи гүлүн ачты. Көз жоосун алган видео социалдык тармактарга тарады.
Анда жаздын илеби менен бирге талаа гүлгө оронгонун көрүүгө болот.
Кыргызстанда байчечекей көбүнчө февраль айынын аягынан апрелдин башына чейин, жаз алды менен гүл ачат. Кар эрип, алгачкы жылуу күндөрдө чыккан назик гүл.