Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп жүргөн белгилүү мушкер Дмитрий Бивол ашпоз Сыныш Кекеев менен бирге балык даярдады. Мындай видеону алар социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Анда алар биргеликте балык даярдап, эс алуу өткөрүшкөн.
Белгилей кетсек, учурда Бивол менен эки жолку Олимпиада чемпиону Баходир Жалолов Кыргызстан курама командасы менен бирге Ысык-Көлдө машыгуу жыйынын өткөрүп жатышат.