Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин аппаратында жаңы бөлүм башчылар тааныштырылды

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Кутман Турсункулов жана анын биринчи орун басары Мария Исанова парламент аппаратынын бөлүм башчылары жана кызматкерлери менен жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин тиешелүү тескемелерине ылайык, аппараттын жаңы дайындалган айрым бөлүм башчылары жана алардын орун басарлары жамаатка тааныштырылды.

Кутман Турсункулов жаңы жетекчилерге ийгилик каалап, алардын парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртууга салым кошоруна ишеним билдирди.

Мындан тышкары жыйындын алкагында алдыдагы иш-пландар талкууланып, парламенттин ишин өркүндөтүү багытында бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан