Биз социалдык тармакта

Ошто Осмонов көчөсү 8 тилкелүү болуп кеңейтилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн, 20-февралда Б.Осмонов көчөсүн кыдырып, жолдогу көйгөйлөрдү жеринен текшерди.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, мэр жол эл аралык мааниге ээ экенин, Баткен багытына каттаган унаалар ушул тилке аркылуу өтөрүн, учурда тыгындар көп экенин жана «Ош сити» шаарчасы пайдаланууга берилгенден кийин тыгындар көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Анын тапшырмасы боюнча, 6 тилкелүү жолду реконструкциялоо учурунда мүмкүн болсо, жол 8 тилкеге чейин кеңейтилет. Ошондой эле электр чубалгыларын тартипке келтирүү боюнча иштер жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан