
2026-жылдын 1-январына карата 27,7 миң аял жөлөкпул алышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды берүү жана төлөө жөнүндө маалыматында белгиледи.
Маалым болгондой, каржылоонун жалпы суммасы 634,4 миллион сомду түздү. Орточо жөлөкпул 22,9 сомду түздү.
"Бардык төлөмдөр республикалык бюджеттен каржыланат жана аларды алууга укуктуу бардык аялдарга толук жана өз убагында берилет", - деп кошумчаланган маалыматта.