Биз социалдык тармакта

Эмнеге ар бир жоокерди өзүнчө ойготот? Кемин чек ара заставасында бир күн (видео)

Ата Мекенди коргоо — ар бир эр-азаматтын ыйык милдети. SUPER.KG порталы бул ирет Чүй облусундагы Кемин чек ара заставасына барып, жоокерлердин күнүмдүк турмушу жана кызмат өтөөсү менен таанышып келди.

Застава жакында оңдоп-түзөөдөн өтүп, шарттары кыйла жакшырган. Бул жерде чек араны коргоо үчүн атайын аттар жана кызматтык иттер да даярдалып, жоокерлер менен катар мекенди коргоо үчүн кызмат өтөшөт. Чек арага чеп болгон жоокерлер өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып жаткандыгын айтышып, аскердик кызмат мекенге, ата-энеге, элге болгон сүйүүнү күчөтүп, жоопкерчиликтүү кылууга тарбиялай тургандыгын баса белгилешти.

Толук чыгарылышты Super.kg медиа порталынан жана YouTube каналынан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан