
Бүгүн, 23-февраль саат 09:00дө республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Министрлик алдындагы жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө.