
Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган концертте 3 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылышкан.
Мындан тышкары, чектеш аймактардагы жарандардын жана унаа каражаттарынын кыймылы жөнгө салынган.