Биз социалдык тармакта

Өлкөдө бир жумада 30 миңге чукул жол эрежеси бузулду

Өлкө аймагында бир жума ичинде 30 миңге чукул жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу 23-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, 16-февралдан 22-февралга чейин 29 миң 894 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 3170;
  • Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 207;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 155;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1202;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4326;
  • Авто ээнбаштык - 25;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3602;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 13 686;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн - 3516 авто унаа убактылуу токтотуучу айып аянтчасына токтотулган.

Мекеме айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан