Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан флагштоктогу туу түшүп калган. Мындай видеону соцтармакта Shtraf_kg баракчасы бөлүшүп, видео 22-февралда тартылганын белгилеген.
Видеонун автору желектин түшүп калганын айтып, анын жерде жаткан видеосун бөлүшкөн.
Мындан тышкары, мындай видеону бөлүшкөн жаран ал жердеги тазалыкка дагы нараазы болгон. Видеодон таштандыга толгон аймакты көрүүгө болот.