
Кыргыз футбол бримдигинин калысы
Вероника Бернацкая Австралиянын Сидней шаарында өтө турган айымдар арасындагы 2026-жылкы Азия кубогунда калыстык кылат.
Биримдик учурда ата мекендик калыс мелдеш алдындагы окуу-машыгуудан өтүп жатканын белгиледи.
"Даярдык 22-28-февраль күндөрү өткөрүлөт. Мындай абройлуу мелдешке дайындалуу - өлкөбүздүн калыстарынын жогорку кесипкөйлүгүн жана эл аралык футбол уюмдарынын ишенимин тастыктаган маанилүү көрсөткүч болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.