Оморбек Торобаев Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 23-февралда шаар мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.
Эске салсак, 19-февралда Адилет Шаршеналы уулу өз арызы менен аталган кызматтан кеткен.