
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкер кармалды. Бул тууралуу 23-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча соттолгон адамды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин чечүү үчүн кызматкер 1969-жылы туулган К.Ш. аттуу жарандан 30 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы башчысы 1984-жылы туулган Т.М. аттуу шектүү кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.