Кара-Балта шаарында 16 жаштагы өспүрүмдү поезд сузүп кетти. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы тастыктады.
Окуя бүгүн, 23-февралда болгон. Анда өспүрүмдү Бишкектен Луговоеге чыгыш-батыш багытында бара жаткан №3718 жүк ташуучу поезди сүзүп кеткен. Ал алган жаракаттарынан райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Тилекке каршы, эсине келбей каза болгон.
Бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен тийиштүү чечим кабыл алынат.