Бишкек шаарындагы Диалог маданий үйүнүдө Эл аралык эне тил күнү жана Ата Мекенди коргоочулар күнү майрамдарына арналган салтанаттуу фестиваль уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Армения, Германия, Франция жана Индия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, ар бир элдин эне тили, маданияты жана улуттук өзгөчөлүгү сахнада көрсөтүлдү.
Залда Борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Фестиваль достукту, биримдикти жана эне тилге болгон терең урмат-сыйды даңазалаган жогорку деңгээлдеги маданий иш-чара болду.