Бишкектеги Аламүдүн базарынын аймагында жер үстүнөн өтмөк курулууда. Курулушу жүрүп жаткан өтмөк тартылган видеону Рашид Браун социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Өтмөк Жибек Жолу кең көчөсүнө, тагыраагы, "Табылга" соода борборунун маңдайына түшүп жатат. Азырынча толук качан бүткөрүлүп, ишке берилери белгисиз.
Видео: Рашид Браун