Таластагы "Орозалы" күрөөканасынын ээси мурда мыйзамсыз тартып алынган кыймылсыз мүлктөрдү ээлерине ыктыярдуу түрдө кайтарып берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат күрөөкананын ээси мыйзамсыз ишин моюнуна алып, 10 мүлк объектин, тагыраагы, турак үйлөрдү, жер тилкелерин ээлерине өткөрүп бергенин белгилейт.
"Күрөөкананын жетекчилиги 2024-жылдын жай айларынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин жылдык 30 пайыздан жогору мыйзамсыз эсептелген ашыкча пайыздарды карыз алуучуларга кайтарып берүүгө даяр экендигин билдирди. Жарандар маселелерди мыйзамда белгиленген тартипте жөнгө салуу үчүн кайрыла алышат",- деп айтылат маалыматта.