
Чүй облусуна 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу 24-февралда Энергетика министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан бекитилген программалардын алкагында өлкөнүн аймактарында электр тармактары жаңыланып, жаңы энергетикалык объекттер пайдаланууга берилүүдө.
Аталган иштердин алкагында Чүй облусу боюнча 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, 5 даана жаңы трансформатор коюлмакчы.