Таласта милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал узак убакыт бою жабырлануучуга басым көрсөтүп, аны "кылмыш жоопкерчилигине тартам" деп коркутуп, акча талап кылып келген.
Натыйжада, милиция кызматкери 100 миң сом алып жатканда колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүүдө.