Ош шаарында алдамчылык, документтердин жасалмасын жасоо фактылары боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, өзүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкери катары тааныштырган Ш.Ж. аттуу жаран Орусиянын каттоосундагы Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаасын Кыргызстандын каттоосуна коюп жана мамлекеттик номур алып берүүнү убадалап, 57 миң сом акча алгандыгын билдирген. Шектүү акчаны электрондук капчык аркылуу алып, WhatsApp аркылуу жасалма каттоо күбөлүгүн жөнөткөн жана мамлекеттик номурду “Достук” чек ара пунктунун жанындагы май куйган жайга таштап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын негеизинде 1985-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран аныкталган. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.