
Токмок шаарында мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.
Негизги фигурант делген 43 жаштагы жарандын жашаган жеринен 5,6 миллиметр калибрдеги сайлуу курал, 12 калибрдеги ИЖ-17 үлгүсүндөгү мылтык, 16 калибрдеги мылтыктын стволу, ар түрдүү калибрдеги 30дан ашык ок-дарылар жана гильзалар, патрон даярдоого керектүү тетиктер, 29 даана колго жасалган бычак, диний мазмундагы китептер, эки мамлекеттик каттоо номур белгиси, кургатылган өсүмдүк заты табылган.
Натыйжада, ал менен анын 31 жаштагы шериги убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алынган буюмдар боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.