Бишкекте психотроптук заттарды жашыруун таратып келген деген шек менен 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардагы жаңы конуштардын биринин тургуну милицияга белгисиз буюм тууралуу кабарлаган. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери тосмонун жээгинен изолента менен оролгон түйүнчөк табышкан. Арызданган адам буюмду белгисиз жигит калтырып кеткенин, аны видеого тартып алганын айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган шектүү жигиттин телефонун текшерүүдө Telegram мессенжеринен Азамат аттуу колдонуучу менен болгон кат алышуу табылган. Анда жашыруун жайлардын координаттары жана психотроптук заттардын саны тууралуу маалыматтар камтылган. Жигит акыркы бир ай ичинде психотроптук заттарды жашыруун калтыруу аркылуу таратып жүргөнүн моюндаган.
Шектүүнүн көрсөтмөсү менген ар кайсы жерлерден психотроптук зат салынган 40 тан ашык түйүнчөк табылган. Алардын жалпы салмагы болжол менен 120 граммды түзгөн. Учурда жигит убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.