Бишкек шаарында ири суммадагы алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 24-февралда Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А. аттуу жаран 2024-жылдын октябрь айында К.Ж. аттуу жарандын ишенимине кирип, ага KERNAN үлгүсүндөгү электромобиль алып келүүнү убадалаган. Алдоо жолу менен андан 25 миң доллар алган. Бирок белгиленген мөөнөттө унаа жеткирилбей, шектүү изин жашырган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.