Биз социалдык тармакта

Чүйдө короодон мал уурдоого шектүү кармалды 

Чүйдө мал уурдоого шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга 22-февралда 68 жаштагы Б.В. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү белгисиз адамдар анын жашаган жериндеги сарайга жашыруун кирип, малын уурдап кеткенин айткан.
Келтирилген материалдык чыгым 25 миң сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 24 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалган. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан