
Бишкекте уурулукка шектелип 40 жана 32 жаштагы аял кишилер кармалышты. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар калаанын 6-кичирайонунда жайгашкан батирге киришип, 120 миң сом, 150 евро, ошондой эле алтын буюмдарды, тагыраагы, шакек, нике шакеги, сөйкө жана чынжырчаны уурдап кетишкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.